Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колтугунан алып сүйөө, жөлөө, колтугуна кысуу. Сүйгөн кызын колтуктап көчөдө баскан жигиттер («Чалкан»). Түнкатарды колтуктап, аттан түшүрдү (Жантөшев). 2. Колтукка бир нерсени кысып алуу, кучактоо. Сыланов чоң портфелин колтуктап, машинадан секин гана түштү (Каимов). Ышкынын терип колтуктап, Ырдашчу элек Көк-Белде («Ала-Тоо»).